Жалал-Абаддын борбордук базарында өрт чыкты

Жалал-Абад шаарынын Бакиев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук базардан өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда өрт 21-августка караган түнү саат 00:33тө чыккан. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 01:50дө чектөөгө алынып, 04:15те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2500 чарчы метр түзгөн соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Эскерте кетсек, «Т-Меdia Group» ушул жылдын май айында Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча «Жарандык көзөмөл» программасында чагылдырган. Программанын толук чыгарылышы төмөнкү видеодон көрө аласыз.

 

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*