
Кечээ, 21-августта Чоң-Алай районунун тургундары Кара-Казык алтын кенин иштеткен кытайлык «Кайди» компаниясынын ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирип чыгышты. Алар жергиликтүү бийликке алтын кен жабылсын деген талап коюшту.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Кара-Казык алтын кенин иштетүүдө экологияга тийгизген терс таасири жогору. Анткени калдык сактоочу жайы эч кандай талаптарга жооп бербейт.
«Компания тарабынан элдин суроо талаптары аткарылбаганына байланыштуу ар дайым жалган маалыматтар менен элди алдап келгендиктен, бул компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылабыз. Элдин бул талабы аткарылбай, кандайдыр бир көнүмүш адаттар аракеттерин баштаса, облустук жана республикалык деңгээлде арыз муңүбузду жеткиребиз. Алтын комбинаттан техникаларды, эч кайда жылдырбай, ошол жерде мөөнөтсүз кайтарууну колго алабыз»,-деп айтылат тургундардын кайрылуусунда.

Ал эми райондун акими Жумадила Жапаров социалдык тармакта болуп жаткан түз эфирди өчүртүүгө аракет жасады. Ал элдин суроолоруна мыйзамдын чегинде жооп берип жатканын билдирди.
«Өчүрчү үка. Өчүрүп турчу (ред. видеону өчүрүп турчу). Мен корккон жерим жок бир жылдан бери ушул жерде жүрөм. Мындан жакшы нерсе болбойт. Кесе айтып коёюн. Биз өзүбүздүн ким экенибизди ушундан көргөзөбүз. Коркуткан жокмун, коркпой эле кой отура бер ошол жерде»,-деди Жумадилла Жапаров
Жумадилла Жапаровдун айтымында, алтын кен иштеткен Кытайлык компаниянын зыяны тийген эмес. Тескерисинче, район элине материалдык ар кандай колдоолорду көрсөтүп келе жатат. Андан сырткары райондун 70 пайыз бюджетин компаниянын эсебинен болуп жатат.
«Компания бир жылда 85 млн салык төлөп жатат. 20 млндун айланасында соцфонд берип жатат. Бүгүнкү күндөгү алган пенсия, жөлөк пул ушул салыктын эсебинен жыйналат. Андан сырткары 70 млн сом соц пакет берип жатат. Жалпылап айтканда 150 млн сом киреше киргизип жатат. Андан сырткары район боюнча техникалык колдоо көрсөтүп келе жатат. Компания иштей электе район 97 пайыз дотацияда турган. Азыр 45 пайыз өзүбуздү каржылап жатабыз»,-деди Жумадилла Жапаров.
Эскерте кетсек, Чоң-Алай районунун тургундары 6-июль күнү компаниянын ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирип, алтын ташыган жүк ташуучу унаалардын жолун тоскон эле.
“Кайди компаниясы Чоң-Алай районунда иштеп жатканына 10 жылдай болуп калды. Кара-казык кенин иштеткен компания алтын казып алган соң концентрат түрүндө Кытайга ташып кетет. Алтын кенден түшкөн жалпы кирешенин 2 пайызы Чоң-Алай районун өнүктүрүү фондуна түшөт.
Оставьте первый комментарий