Депутаттар Тоголок Молдонун медресеси кароосуз калганын билдиришти

19-кылымда жашап өткөн төкмө акын Тоголок Молдонун балдарды окуткан медресесинин имараты кароосуз калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары Нарын облусуна болгон иш-сапарында белгилүү болду.

Депутат Жанарбек Акаев Тоголок Молдонун (Байымбет Абдырахманов) өз колу менен курган чакан медресеси, үйү  начар абалда экенине Ак-Талаага барып күбө болгонун фейсбуктагы баракчасына жазды. 

«-Тарыхий инсандардын мааракелерин өткөрүүдө өкмөткө жаңы ыкманы сунуштадым эле. Музей, документалдуу тасма, видео роликтер, илимий жыйындар, университеттерде лекциялар керек. Буга акча кетпейт  жылкы союп, боз үй тигип той-топур өткөрүү ысырапкорчулук, кереги жок иш-чара.
Андан көрө ушул көөнөрбөс байлыкка бюджеттен аз болсо да каражат бөлүп, оңдоп коюуну өз көзөмөлүңүзгө алыңызчы, Азамат Жамангулов мырза. Ушул жылы абдан сапатуу кылып үстүн жаап, кыргыз, орус, англис тилдеринде Тоголок Молдо тууралуу маалымат жазып, илип коюш керек го,«-деп жазды ал.

Улуу акындын туулуп өскөн жерине, балдарды окуткан диний окуу жайын көрүүгө депутаттар Р.Момбеков. Ж.Акаев жана Алтынбек Жунус уулу барышкан.

 

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*