Садыр Жапаровдун уулу каза болгону айтылды

Бул тууралуу саясатчынын партиясынан билдиришти. 

«Мекенчил» партиясынын өкүлү Мелисбек Аспеков  Садыр Жапаровдун уулу көз жумганын өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

» -Садыр байке улуу уулуңуз Дастандын арты кайрылуу болсун,-«деп билдирген.

Маалыматка караганда Дастан Жапаров саясатчы Садыр Жапаровдун эң улуу баласы. Ал 22-август күнү түндөсү Бишкек шаарында авто кырсыкка кабылган. Кырсык учурунда ал мотоцикл минип үйүнө келе жатканы айтылат. Каза болгонго чейин Бишкектеги №4 шаардык ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Фото интернеттен алынды. Дастан Жапаров

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*