Чоң-Алайдын токойуна кыргоолдор коё берилди

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жапайы канаттууларды көбөйтүү максатында кыргоолдор коё берилди.

Кыргоолдор Дароот-Коргон айылынын Көк-Жар токойуна коё берилген. Жапайы канаттуулар Ош, Баткен аңчылар жана балыкчылар бирикмеси тарабынан алынып келген.

Пилоттук негизде жалпы 13 кыргоол учурулган.  Максаты жоголуп кеткен кыргоол канаттуусун аталган токойдо көбөйтүү болуп саналат.

«Бул кыргоолдордун баары 4 айлык. Биздин бирикме аларды жумурткадан чыгарып атайын бактык. Эми аларды пилоттук негизде Чоң-Алайдын Көк-Жар токойуна алып келдик. Буга чейин Ноокатта сынап көргөнбүз. Беш жыл мурун учуруп жиберген канаттууларыбыз көбөйүп калды«,- деди Ош, Баткен аңчылар жана балыкчылар бирикмесинин төрагасы Абдимажит Алымкулов.

Белгилей кетсек, Көк-Жар токойунда 1970-жылдардан кийин кыргоол канаттуусу жоголуп кеткен.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*