Ош: Шакиров көчөсү белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт

Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов  билдирди. Анын айтымында, төрт айга жабылган Шакиров көчөсү октябрь айында ачылат деп пландалып жатат. 

Кеңейтилип жаткан Шакиров (мурдагы Гагарин) көчөсүн оңдоо иштери ушул жылдын 13-июлунан башталып, октябрь айында толук бүткөрүлөт деп айтылган. Жалпы 2 чакырым 400 метр жол асфальтталып, туурасы 20 метрге чейин кеңейтилет.

«Шакиров көчөсүндөгү курулуш иштери өз нугу менен жүрүп жатат. Буюрса белгиленген мөөнөттө бүтүп калат. Долбоордо бардык комунукациялар камтылып, 11 аялдама, 4 автоунаа токтотуучу жай  каралган»,- деди Арзыбек Жунусов.

Жолдун эки тарабына тротуар, ирригациялык лотоктор орнотулуп, жашылдандыруу максатында дарактар эгилет. Мындан тышкары түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылат.

Быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаарынын көчөлөрүн оңдоо иштерине 84 млн.сом бөлүнгөн.

 

 

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*