“Электрондук мектеп” долбоору Баткенде ишке ашып баштады

Баткен облусунда мектептерди электрондук форматка өткөрүү боюнча “акылдуу мектеп жана смарт мугалим” долбоору  58 мектепте жана 10 балдар бакчасында ишке киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. 

Маалыматка караганда, облус боюнча 58 мектепте 1050 ашык мугалим ноутбук менен камсыз болуп, “компетенттүү мугалим” курстарынан өтүшкөн.

Электрондук мектепте” отчеттор, каттар, окуу программалары, мугалимдердин журналдары, чейректик баалар жана окуучулардын билим тарыхы электрондук форматта сакталат. Мугалимдер билим берүүдө бирдиктүү программалар менен ыкчам иштешип, интернетке туташкан программалардын ичинде тайпалык иштерди жүргүзө алат. Ата энелер балдарын үйүндө олтуруп, уюлдук телефонундагы тиркеме аркылуу балдарынын кандай билим алып жатканын биле алышат»,-деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин “Электрондук мектеп” долбоору пилоттук негизде өлкөдөгү “Семетей” Түрк лицейлеринде киргизилген.  Бул долбоорго Баткен облусу биринчи болуп өтүүдө. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашырылууда.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*