
Ошто Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеби окутуунун үчүнчү этабын баштады. Окуучуларды кабыл алууга кастинг 9-сентябрь күнү жүргүзүлөт.
Медиа мектеп — активдүү жаштарды коомдогу болуп жаткан окуяларды чагылдырууга, маалыматтарды мультимедиалык каражаттар менен интерактивдүү жана визуалдаштырып берүүнү окутат. Ошондой эле заман талабына ылайык, конвергенттүү редакцияларда (гезит, телевидение, радио жана сайтта ) иштөөнү үйрөтөт.
Окутуунун үчүнчү этабында катышуучулар кесипкөй журналисттерден билим алышат. Журналистиканын заманбап жанры катары – интернет сервистерди колдонуп, визуалдаштырылган мультимедиалык материалдарды аудиторияга сунуштоого көбүрөөк басым жасалат.
Медиа мектепте окуп жаткан учурда гезит, телевидение, радио жана сайтка материалдарды даярдоо менен ар кандай тематикадагы долбоорлорду сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Эң мыкты даярдалган материалдар жана сунушталган долбоорлор ишке ашырылып, калем акы (гонорар) берилет.
Алты айлык окутууга жаш журналисттер жана журналистикага кызыккандар тапшыра алат. Жаш курак чектелбейт. Орундар чектелүү. tmediaschool@gmail.com электрондук дарекке билдирмени толтуруңуз.
Кастинг TMG телеканалынын кеңесесинде өтөт. Болжол Токтогул Сатылганов атындагы облустук китепкана.
Кошумча маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу алсаңыз болот: 0755 777 444;
0772 777444
Оставьте первый комментарий