
Соц тармактарда Ош шаарынын Токтогул паркына унаасы менен кирип кеткен жарандын видеосу тараган. Видео боюнча шаар мэриясы жооп берди.
Окуя ушул жылдын 25-август күну болгон. Ак түстөгү болжолдуу «Тойота камри» үлгүсүндөгү унаа Токтогул атындагы эс алуу багынын тепкичтери менен жүрүп, эс алуу бактын ичине кирип кеткенин окуянын күбөлөрү видеого тартып алган.
Бул окуянын Ош шаарында болгонун мэриянын маалымат катчысы А.Абсаттаров ырастады. Анын айтымында, тепкичтерди талкалаган айдоочу эртеси 26-август күнү кармалган.
«-Бул унаанын ээси Токтогул эс алуу багынын жаңыдан бүткөрүлгөн тепкичтерин талкалаган. Эртеси ал кармалып, бузулган тепкичтердин зыянын төлөп берген,-«дейт А.Абасаттаров.
Маалыматка ылайык, буга чейин 2019-жылдын 12-июнь күнү ушул эле Токтогул эс алуу багынын тепкичтери менен шаардагы студент балдардын бири унаасын айдаган. Ага 7 миң сом айып пул салынган жана келтирилген зыянын төлөнгөн.
https://www.facebook.com/100001375392503/videos/2359520040770486/
Оставьте первый комментарий