Ошто ипотекалык үйдүн жер төлөсү аукционго коюлду

Ош мэриясы ипотекалык негизде берилген Авиценна көчөсүнүн 20-Б көп кабаттуу үйүнүн жер төлөсүн ижарага берүү боюнча аукцион жарыялады. 

«Т-Медиага» шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Ашим Семетеев билдиргендей, аталган көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүн ижарага берүү боюнча газетага жарыя берилген. Бул кадам бюджетин толтуруу максатын көздөйт.

«Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциясы тарабынан курулган үйлөр тийиштүү токтомдун негизинде мунципалдык менчиктин балансына өткөн. Батирлерди бөлүштүрүү иштерин биздин атайын кызмат жүргүзүшкөн. Анын жер төлөлөрү да биздин баланска өткөн. Биздин баланста тургандарды шаардын бюджетин толтуруу үчүн ижарага берип жатабыз. Бул мыйзам ченемдүү нерсе»,-деди Ашим Семетеев.

Буга чейин аталган батирдин жашоочулары жер төлөлөрдүн ижарга берилишине нааразычылык билдирип Ош шаардык мэриясын сынга алышкан эле.

Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан кошумчалагандай, көп кабаттуу үйдөгү батирлер мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге 12 жылга  ипотекалык шартта берилген. Төлөмдөр толук төлөнүп бүткөндөн кийин жер төлөөлөр мэриянын чечими менен жашоочулардын карамагына өткөрүлүп берилет.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*