
Бул тууралуу Ош мэриясынын кабарлады. Учурда эки тарапта тең иликтөө башталды.
Буга чейин Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов мас абалда жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине кармалган видео тараган. Видеону жол коопсуздугун камсыздоо кызматкери өзү тарткан. Мэриянын маалымат билдиришинче, окуя дем алыш күнү кечинде болгон. Вице-мэр мас абалда экендигин мойнуна алып, жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөткөн эмес.
«- Ж.Азимов мыйзамга баш ийип, наркологияга барган. Автоунаасын милиция кызматкерлерине өткөрүп берип кеткен. Ал автоунааны өзү башкарып жүрбөгөнүн, бирок өзүнө таандык унаа экендигин айтты. Ошентсе да окуяга байланыштуу вице-мэрге кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Салынган айып пулду төлөйт,-«деп билдирди Ош мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров.
А.Абсаттаров кошумчалагандай, вице-мэрди видеого тартып, интернетке тараткан мииция кызматкеринин иш аракетине ИИМдин ички иликтөө кызматы баа берет.
Оставьте первый комментарий