Ош облусу 31 пайыз бала бакча менен камсыздалган

Ош облусу боюнча 58 мектеп жана 15 бала бакча авариялык абалда. Бул тууралуу Ош облусунун билим берүү кызматкерлерин август кеңешмесинде Ош билим берүү институтунун жетекчиси Гүлмира Турдубаева  айтты.

Анын айтымында Ош обулусунун аймагында мындан сырткары 81 мектеп жана 32 бала бакча капиталдык ремонттон өткөрүүгө муктаж болуп турат.

«-2019-жылдын 1-сентябрына карата Ош облусунда 12 мектеп жана 1 бала бакча ремонттон өттү. Өкмөттөн 2023-жылы облус аймагында 80% бала бакча менен камсыз кылуу тапшырмасы берилген,» — деди Турдубаева.

Билим берүү мекемесинен билдиргендей, облус боюнча 387 бала бакча бар. Бул көрсөткүч 31%ды түзөт. Аларда 34 миң 662 бала тарбияланат.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*