
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле Мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Өлкө башчынын кол койгон дагы бир жарлыгынына ылайык, мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.
Султан Ибраимовго «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген ардактуу наам берилээрин былтыр анын 90 жылдыгына арналган салтанатта президент Сооронбай Жээнбеков айткан эле.
20 жыл бою мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимов 1980-жылдын 4-декабрында Чолпон-Атадагы мамлекеттик дачада атып кетишкен.
Оставьте первый комментарий