1400дөй адам Кыргызстандын жарандыгын алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана  чыгаруу жөнүндөгү алты  жарлыкка кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Мамлекет башчы колгон төрт жарлыкка ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 1373 (анын ичинен 1178 — чоң адамдар жана 195 — балдар) адам кабыл алынат. Алардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт.

Мындан сырткары мамлекет башчынын экинчи жарлыгыны менен 638 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды. Анын 106сын жаш балдар түзөт.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздар жана башка мамлекеттерден келин болгон миңдеген аялдар бар.

Ошол эле учурда Кыргызстандын жарандыгынан баш тартууну каалагандар да жыл сайын миңден ашат.

 

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*