
Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара быйыл Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында өттү. Оюн-зоок, жарманке менен коштолгон майрамга 10 миңге жакын шаардыктар жана коноктор күбө болушту.
Майрамдык салтанатта аталган парктын ачылышы болуп жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шаардыктарга шарт түзүү максатында эс алуучу жайларды оңдоону, курууну колго алганын билдирип өттү.
Жаңыдан оңдоодон өткөн эс алуу жайында, шаардыктар Эгемендүүлүк күнүн кантип майрамдашканын Даяна Данияр кызынын сүрөттөрүнөн көрүңүздөр.
Оставьте первый комментарий