Ош шаарында эгемендүүлүк күнү белгиленди

Бүгүн, 31-август Ош шаарында эгемендүүлүктүн 28 жылдык майрамы белгиленди. Майрамдык салтанат Т. Сатылганов атындагы эс алуу багында уюштурулуп, парктын жүз жылдыгы да кошо белгиленди. 

 Эгемендүүлүк майрамы саат 10до башталды. Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон шаардагы бир катар аткаминерлер катышты. Мындан сырткары эгемендүүлүк күнү шаардагы 6 аймактык башкармалыктарда белгиленүүдө.  Түрдүү даамдар, оюн зооктор менен коштолууда.

«Урматтуу Ош шаарынын кадырман калкы. Кадырлуу коноктор. Урматтуу мекендештер. Бүгүн баарыбызды бириктирип отурган өзгөчө күн. Өзүңүздөр билгендей 28 жыл мурун Кыргыз мамлекетинин кайрадан түптөлүп, көп жылдык тарыхтан кийин өзүнчө суверендүү мамлекет болуп жашап баштадык. Учурдан пайдаланып баарыңыздарды Кыргыз республикасынын эң негизги майрамы болгон куттуктайм»,-деди Кубатбек Боронов.

Майрамдык салтанат кечки гала концерт менен аяктамакчы. Анда маданият кызматкерлери жана Жапониялык ырчы катышат. Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөнүн бардык облустарында  жана райондорунда майрамдык салтанат уюштурулуп жатат.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*