
Өкмөт Ирактагы кыргыз жарандарын балдарын алып келүү маселесин иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты бүгүн 5-сентябрда маалымдады.
Вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында Ирактын пенитенциардык мекемелериндеги жашы жете элек балдарды үйлөрүнө алып келүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар өз ара кызматташып, иш алып барууда.
«Ирактан жашы жете элек балдарды кайра алып келүү жана кайра интеграциялоо боюнча мекемелер аралык жумуш топ түзүлдү. Жакынкы арада жумуш топ тийиштүү документтерди толтуруу жана балдарды Кыргызстанга алып келүү үчүн Багдад шаарына баруусу пландалды», — деп айтылат маалыматта.
Мекемелер аралык жумуш топ тийиштүү квалификациялуу адистерди, психолог жана теологдорду тартуу менен балдарды калыбына келтирүү жана кайра интеграциялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкты.
Мындан тышкары Сирия, Араб Республикасынын аймагындагы жүргөн жарандарынын турган жери тууралуу маалыматтарды жана алардын санын тактоо боюнча тийиштүү иштер аткарыла башталган.
УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.
Оставьте первый комментарий