Футбол: Кыргызстан Тажикстанга утулду

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы Тажикстанга 1:0 эсебинде утулду.

Беттештеги жалгыз голду тажик оюнчусу Алишер Жалилов киргизип, Тажикстандын курама командасына жеңиш алып келди.

Оюн кечээ, 5-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өттү.

Бул жеңиш менен Тажикстан курама командасы F тайпасында алгачкы үч упайына ээ болду.

2022-жылы Катарда өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.

Тандап алуу оюндарына катышуу үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин курама командага 23 оюнчуну чакырган. Команданын даярдыгы 1-сентябрда башталган.

Бул оюнга команданын капитаны Валерий Кичин жана Антон Землянухин катышкан жок.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6035 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо