
Билим берүү жана илим министрлигине Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдун талапкерлиги ЖКнын комитети жактырды.
Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы сунуштап, бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети тарабынан колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетин ректору болуп 2011-жылдан бери иштеп келген.
Мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева өзү жазган арызынын негизинде кызматынант алынган.
Оставьте первый комментарий