Сокулук ашуусунда 200 баш кой жана 4 жылкы өлдү

10-сентябрда Суусамыр өрөөнүндө жааган карда калган мал көчүрүлүп келгенден кийин бир топ мал-жандыктар өлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ӨКМ Суусамыр өрөөнүнүн Сандык жайлоосунан 3 миң 500 баш кой менен 5 чабанды көчүрүп келген. Ошол эле күнү 500 баш кой, 4 жылкыны түшүргөн учурда 200 баш кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда өлгөн. Калган 300 баш кой Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилди.

Эске салсак, 9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамыр өрөөнүнүн Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорундагы жайылдык малчылар көчүрүлүп жаткандыгы маалымдалган.

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*