Ошто жол кырсыгынан жети адам жабыркады

Ош шаарында бүгүн саат 08.30дар чамасында Курманжан датка жана Мухаммед Али Жинна көчөлөрүнүн кесилишине жүргүнчүлөдү ташыган маршрутка менен Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа сүзүштү. 

Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ЖКККБнөн тастыкташты.  Маалыматка ылайык, кырсыктан 7-8 киши жабыркаган. Жабыркаган жарандар ооруканага жеткирилди.

Алдын ала маалыммтар боюнча «Honda Fit бурулуп жатканда Mercedes-Benz Sprinter капталына сүзгөн. Эки унаанын тең жүргүнчүлөрү жеңил жаракат алган.

Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө. 2018-жылы Ош шаарында унаа кырсыгынан 553 адам жаракат алып, 15 адам каза болгон.

Сүрөт: Спутник

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*