Ошто Түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт

Эртең, 17-сентябрдан баштап Ошто түрк тасмаларынын жумалыгы башталат. Кино фильмдер «Семетей» кинотеатрында акысыз тартууланат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 17-сентябрда башталып, 19унда жыйынтыкталат. 

Жумалыктын  ачылыш аземине Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо