УКМК жарандарды чек ара маселесинде провокацияга алдырбоого чакырды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, жарандарды чек ара маселесинде, эки мамлекеттин кызыкчылыктарына доо келтирген жана улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат.

Маалыматка ылайык, учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү “Максат” чек ара бекетинде кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөзүп жатат.

«УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды атайын курчутуп, улуттар аралык кастык аркылуу массалык баш аламандыкты жана ар кыл каршылык акцияларын уюштурууга алып келе турган аракеттерди алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат», —деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Мындан сырткары,  коомдогу чыңалууну алып келе турган  маалыматтар менен материалдардын авторлоруна эскертүү берүү укугун колдоноорун кошумчалайт.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда тажик тараптын топтук курамы Лейлек районундагы эки чек ара бекетке ок атышкан. Анын кесепетинен Кыргызстандын бир чек ара кызматкери каза болуп, ок атуу 21:30га барып токтогон.

Жаракат алгандардын саны 13кө жетип, алар райондук ооруканадан бүгүн 17-сентябрда Бишкеке жөнөтүлгөн.  Учурда абал туруктуу, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*