
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды.
Тыныбекова 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, төрт беттеште жеңишке жетти. Айсулуу Тыныбекова эми финалда болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күрөшөт. Финалдык таймаштар бүгүн 20-сентябрда кечки саат 18:00дө башталат.
Жарым финалда беттеште Айсулуу Тыныбекова түндүк кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип алды. Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык балбан кыз.
Оставьте первый комментарий