II Улуттук көчмөндөр оюнун Ош облусу өткөрөт

II Улуттук көчмөндөр оюндары 2021-жылы  Ош облусунда өтөт. Эстафета Таласта өткөн биринчи Улуттук көчмөндөр оюнунда өткөрүлүп берилди.

Талас облусундагы «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Көчмөндөр оюндары кыргыз элинин биримдигин, бир эл, бир журт экенин даңазалаган тарыхый жөрөлгөнү жаңыртып, улантып жатканын белгиледи.

Салтанаттуу аземде «Манас» эпосу боюнча театрлаштырылган оюн-зоок, баардык облустардан келген спортчулардын жана маданият өкүлдөрүнүн парады, концерттик программа көрсөтүлдү.

Эске салсак, Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында 8 улуттук түрү боюнча спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган. Кечээ жыйынтыктоочу салтанаттуу азем болуп өттү.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5130 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо