Ошто белгилүү мушкерлердин ортосунда чыр чыгып, ок атылды

Ош шаарында спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдирди.

Маалыматка караганда 21-сентябрь күнү К.С. спортчу Р.у.Т.нын бутуна ок аткан. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан 21-сентябрь күнү кечинде Р.у.Т.нын оң санына ок тийип кайрылганын тастыкташты. Ал жандандыруу бөлүмүнөн сыныктар бөлүмүнө которулган. Спортчу белгисиз адам ок атканын билдирген.

Бирок Р.у.Т. окуяны четке кагып, учурда үйүндө экенин билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя 21-сентябрь күнү кечинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Белгилүү 2 мушкердин ортосунда чыр чыгып, ок атылган. К.С. жана Р.у.Т. Кара-Суу районундагы эң мыкты деп саналган спорт клубдун спортчулары. Р.у.Т. мурда Араван районунда милиция кызматында иштеп кеткендиги дагы айтылууда.

Милиция азырынча аталган факт боюнча маалымат бере элек.

Аталган спортчулар тууралуу эмне белгилүү?

Р.у.Т. Түштүк Кореяда өткөн ММА боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Макаодо (Кытай) өткөн мелдеште дүйнө чемпиону аталган.

К.С. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетин жетектейт. Вале-тудо боюнча Азия жана Евразиянын чемпиону. Кикбоксинг, самбо жана күжүрмөн самбо боюнча спорт чебери.

 

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*