Ош мэриясы: Саркарбаев жумушка келбей жатат

Ош шаардык мэриясы, дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаевге карата кызматтык иликтөөсүн баштай элек.

Ал жумушка келбей жатканына байланыштуу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызматкери менен байланыша албай жатат. Бул тууралуу «Т-Медиага» шаардык бийликтин маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Маалымат катчынын айтымында, Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин ок атууга тиешеси бар же жоктугун укук коргоо органдары аныктайт. Буга байланыштуу мэрия кызматтык иликтөөсүн баштай элек.

«Кылыч Саркарбаев жумушка келбей жатат. Бизде азыр Кылыч Саркарбаевби же башкабы, ал аттыбы же атпадыбы? Ак же көк деп айта албайбыз. Буга укук коргоо органдарынын кызматкерлери баа берет. Биз азыр эч кимди күнөлүү дей албайбыз. Эгерде азыр спорт комитетинин жетекчисине кандайдыр бир мыйзам бузгандыгы аныкталса шаардык мэрия мыйзам чегинде чара көрөт. Бирок азыр эч нерсе деп айта албайбыз», — деди Азамат Абсаттаров.

Ош шаарында спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атылганын кечээ Turmush басылмасы  өздүк булактары таянып жазып чыккан.

Маалыматка караганда 21-сентябрь күнү К.С. аттуу спортчу  Р.у.Т.нын бутуна ок менен аткан. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан 21-сентябрь күнү кечинде Р.у.Т.нын оң санына ок тийип кайрылганын тастыктап, ал жандандыруу бөлүмүнөн сыныктар бөлүмүнө которулганын билдиришкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя 21-сентябрь күнү кечинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Ок тийген жаран Араван райондук милициясынын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулу болгон.

Кылмышка шектүү Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы, кикбокс боюнча спорттун чебери Кылыч Саркарбаев экени айтылган.

Кийинчерээк облустук милиция, атышуу боюнча эки жаран кармалганын ырастап, бирок алардын арасында Кылыч Саркарбаев бар же жок экенин ачыктаган эмес.

Окуя боюнча укук коргоо органдары «Денеге зыян келтирүү» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталганын, бирок ишти ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын тергөөсүнө өткөрүлүп берилгенин билдирген.

 

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*