Жалал-Абад: 31-августта ачылган бакча балдарды кабыл ала элек

Жалал-Абад шаарында 31-августта ачылышы болгон бакча балдарды кабыл албай жатат. Буга бакчанын ички жасалгасы бүтпөй жатканы себеп болууда.

Жалал-Абал шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Жээнбековдун айтымында бакчанын имараты  бүткөрүлгөнү үчүн майрам күнү ачылыш өткөн. 

Ал эми эмеректерге каражат жакында бөлүнгөн. Мындан улам, бакчанын ички жасалгасы толук бүткөнгө чейин балдарды кабыл алуу башталбай келүүдө.

«Бакчанын курулушу жазында башталган. 50-60 орунга ылайыкташкан. 31-августта имараты бүткөн үчүн майрам күнү деп ачылышын кылганбыз. Эмеректерине болсо жакында акча бөлүндү. Жакында балдарды кабыл алуу башталат», — дейт Азамат Жээнбеков.

Маалымат катчы кошумчалагандай учурда балдарды каттоо аяктап, кызматкерлер кабыл алынды. Ал эми балдарга төшөнчүлөр, идиш-аяк, оюнчу жана башка керектелүүчү жабдыктарга ата-энелер да кол кабыш кылууда.

Бала бакчанын курулушу ушул жылдын жаз айында башталган. Ага шаардын казынасынан 19 млн сом бөлүнгөн. 

Жалал-Абадда жалпы  23 бала бакча бар. Анда 14300 бала тарбия алат.

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*