Депутаттар Ош шаарынын мэри Сарыбашовдун кадр саясатын сынга алышты

Кечээ 26-сентябрда Ош шаардык кеңешинин бир канча депутаттары мэр Таалайбек Сарыбашовдун кадр саясатын сынга алып, айрым жетекчилерди кызматтан алууну сунуштады. 

Депутат Бекболот Арзибаевдин айтымында, мэр «Ош-Тазалык» ишканасынын мурунку жетекчиси Талантбек Капаровду иштей албай жатат деп кызматтан алган. Кийин эле башка ишканага кайрадан жетекчи кылып дайындаган. 

6 ай болду «Ош-Тазалык» ишканасынын мурунку жетекчисин иштей албай жатат деп кызматтан алгансыз. Андан кийин ошол эле жетекчини кайра башка жака жетекчи кылып дайындап жатасыз. Иштей албай жатат деп кетирип, кайра кызматка койгонуңузду кандай түшүнсө болот? Ал кеткен убакта ишкана 15 миллион карыз экен. Анан эмненин негизинде дайындадыңыз”,- деп суроо берди Арзибаев. 

Мэр Таалайбек Сарыбашов жетекчилерди дайындоодо сунуш гана берип жатканын айтып, көбүнчө кызматтан бошотулган жетекчилердин ордуна орун басарлары дайындалып жатканын билдирди. 

Биринчиден «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчисин мен кетирген эмесмин. Өз арызы менен кеткен. Мен чарчадым. Анан кийин мүмкүнчүлүк болсо башка кызмат бересиз деген. Ага баарыңар күбөсүңөр да, ал бала беш жыл иштеп, оңдоп бир топ бюджетин көтөрүп, аракет кылды. Тилекке каршы техникалары эскирип, чарчап анан иштен кетти. Анан кайра башка мекемеге биз сунуштадык”,-деди Таалайбек Сарыбашов.

Ал эми шаардык Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын жетекчисине да нааразычылыктар айтылып, быйылкы жылы Ош шаарында гүлдөр гүлдөбөй куурап калганын айтышты. 

Быйыл Ош шаарында гүл гүлдөгөн жок. Жетекчини сиз алмаштырдыңыз бирок жетекчиңиз иштебей жатат. Гүлдөгөн гүлү куурап калып жатат. Куураган гүлдү сугарып жатат. Бул жетекчини мен түшүнбөдүм”,- деди депутат Сыргабү Нуркамилова.

Буга чейин да социалдык тармактарда шаардык мэриянын алдындагы спорттук комитеттин төрагасы Кылыч Саркарбаев ок атты деп маалымат чыккан. Аны кызматтан бошотууга мэрдин моралдык жоопкерчилигин айткандар да болду. Бирок азырга чейин мэрия бул боюнча комментарий бербей келет.

«Ош-Тазалык» ишканасына жетекчиси болуп Нурбек Исмаиловду дайындалышына да нааразычылыктар болгон. Ал эрежесиз мушташтын чебери. Спортчу буга чейин президенттик шайлоодо журналисттерди токмоктогону айтылган. 

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/1369441103220731/?__xts__[0]=68.ARD6wGhyplRPUvD_V9JMmRiLlIPNvOoDMXDhwaOiirHA0A2L_v8_f9VAXdYY9p9MKZAt8VTMKxMs6de_7SyDg-E93uAlFThwQf3_batc5yT32TcU2uZIlKXG2kcChjxwQIzbzBv4am3iQcZb_Iib1Hhn8FQ5pVEaL-DIreKBgYe7RVVQjCf__BmNhKucBsO9IEqhD2JNxjCEMEGuoUboiJVEMaW1Va8suTPxzjAiT4AByZmf_80S-Yks_uljoiyG5WEIXJ-oI1rQkUJy5XCsK39WkFosc5zh9lwlFBX_Rxnxkxrp5Mx_5gFlJcRTStvqC7jwXUFaXwrVDI06tzJCDh04M_ZXr8C1-FwQUg&__tn__=-R

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо