Бүгүн 1-октябрь Эл аралык карылар күнү

1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп жарыяланган. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Алгач  Европа андан кийин Америка, 1990-жылдар тартып бүткүл дүйнө белгилеп келет.

1-октябрда дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде карылардын укугун коргоо уюмдары тарабынан конференция, түрдүү фестивалдар өткөрүлөт. Бул датаны 29 жылдан бери Кыргызстан да белгилеп  карыларга жылуу сөзүн айтып, жакшы тилектерин билдирип, кадырлап келет. Бүгүн дагы жер жерлерде бир нече иш-чаралар белгиленген.

Учурда жалпы 648 миң пенсионер бар.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо