
Бүгүн 2-сентябрьда Ош облусунун аймагынын очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат болжол менен 12:37де катталып, Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эскерте кетсек, 12-августта Ош облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Оставьте первый комментарий