Оштун автобекети 2010-жылдан бери оңдоодон өтпөй келет. Сүрөттөр

Ош шаарындагы автобекет 2010-жылдагы июнь окуясы учурунда күйүп кеткен. Ошол убактан бери оңдоп түзөөдөн өтпөй келет. Учурунда Ош аймактык автобекетинин ремонтуна деп бөлүнгөн 20 млн сом каражат арадан 9 жыл өтсө да дарегине жеткен эмес. 

Эки кабаттуу мекеме толугу менен өрттөнүп ичиндеги документтер да жоголгон. 2011-жылы өкмөттүн токтому чыгып, Ош-Жалал-абад аймактарын калыбына келитирүү дирекциясынан тизмесине кошулуп, 20 млн сом бөлүү каралган. Бирок акча келбегендиктен 2015-жылы автобекет күйгөн имаратта иштөөнү баштаган. 

Ош аймактык автобекетинин азыркы көрүнүшү жана шарты талапка толук жооп бербейт.

Акыркы 4 жылдан бери мекеме өз алдынча каражат таап, өрттөлгөн имаратты ремонттоп баштады. Бирок толук капиталдык оңдоодон өткөргөнгө бекеттин каражаты жетпейт.

Бекеттин жетекчиси Айтибай Сабиров оңдоо иштери үчүн, казынаны толтуруу максатында бекет айланасын соода жайларга бергенге аргасыз болушканын айтат. Мекемеге бир жылда 5-6 млн сом киреше түшөт. Ал каражаттар 37 кызматкердин айлык маянасына, соц фонд, ремонт иштерине жана насыяны төлөөгө коротулат. Ош аймактык автобекетинин өлкө ичине жана коңшу өлкөлөргө каттамдар кетет. 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*