Москвада алгачкы жолу кыргызстандык мигранттар үчүн китепкана ачылды

Орусиянын Москва шаарында алгачкы жолу кыргызстандык мигранттар үчүн китепкана ачылды. Бул тууралуу «Т-Медианын» Москвадагы кабарчысы Арген Камалдинов кабарлады. 

Маалыматка караганда, «Россиядагы мугалимдер» комитетинин астында ачылган китепканада жалаң кыргыздын залкар жазуучуларынын чыгармалары камтылат.

Максаты миграцияда жүргөн мекендештерди кыргыз жазуучуларынын чыгармалары менен камсыздоо жана аларды кыргыз адабиятына болгон мамилеси көңүл сыртында калтырбоо болуп саналат.

Китепканын ачылыш аземине Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, мигранттардын балдарын окуткан мугалимдер жана кыргызстандык мигранттар катышты.

Аталган китепканы ачууну «Замандаш» саясий партиясы демилгелеп, жаңы ачылган кыргыз китепканасына китептердин биринчи партиясын тапшырды. Партиянын лидери Жеңиш Молдокматов мекендештерди китепканынын ачылышы менен куттуктап, кыргыздын улуу мурастарын жана көөнөрбөс дөөлөттөрүн көтөрөт деп ишеним билдирди.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо