Баткен менен Согди облустарынын жаштары достук футболун ойношту

Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын жаштары футбол оюнун өткөрүштү. Мелдеш кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата Баткен ОИИБ тарабынан уюштурулду.

Оюнга Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай Самаркандек айыл аймактары менен Тажикстандын Согди облусунун Чорку, Ворух, Сурх айыл аймактарынын жаштары катышышкан.

Баткен облустук милициясынан билдиришкендей,  демилге эки элдин ортосундагы ынтымакты жана достукту бекемдөө максатында уюштурулган.

Эки элдин жаштары аралаш түрдө 4 командага бөлүнүп ойношкон.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3470 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо