Аида Касымалиева: Бишкекте 6300 үйдүн документи жок

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардын тургундары жашап жаткан үйлөрүнүн документтерин ала албай жатышканын билдирди.

Вице-спикердин айтымында, азыркы учурда Бишкек шаарынын тегерегиндеги 50дөн ашуун жаңы конуш бар. Ал жерде 300 миңден ашуун эл жашайт. Алардын ичинен 2014-жылдагы комиссия менен жүргүзгөн инвентаризациянын негизинде 6382 жер аянтында үй куруучулар документи жок үй салып алышкандыгын Бишкек мэриясы аныктаган.

Аталган үйлөрдүн маселесин чечүү маселеси Өкмөттө да каралып, ошол кездеги Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков токтом чыгарып, Жогорку Кеңешке жөнөткөн.

Үй куруучулар, маселелерин чечип бергиле – деп талап эле койбостон, аларды үч этап менен чечүүнүн жолун сунушташууда. Анда биринчи кезекте мэрия тарабынан аткарылуучу иштер, аны андан ары шаардык кеңештин кароосунан өткөрүп, үчүнчү этап менен Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин деңгээлинде каралып мыйзамдаштырууну сунуш кылышууда. Чындыгында документи жок үйлөрдө жашагандар балдарын мектепке, балдар бакчасына киргизүүдө жана пособия, пенсия алууда кыйынчылыктар пайда болууда”, — деди А. Касымалиева.

Ошондой эле бул кезге чейин жер трансформациялоо боюнча Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзам жаңы конуштарга тиешеси жок экендигине карабастан, көпчүлүгү адаштырып алып жаткандыгын кошумчалады.

Сүрөт: Спутник

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо