Кара-Көлдө судья менен милиция кызматкери пара алып жатып кармалды

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаардык сотунун судьясы жана шаардык ИИБнын капитаны пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, октябрь айынын башында ички иштер министрлигине жаран кайрылып, Кара-Көл шаардык милиция кызматкери жергиликтүү судья менен келишип алып 100 миң сом пара талап кылып жаткандыгын айтып даттанган. Бул акчага судья арыздануучуга козголгон кылмыш ишин жапканга жардам бермек болгон.

Аталган арыз боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, пара талап кылган судья менен милиция кызматкери убада кылган каражаттын 20 миң сомун алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6344 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо