Ошто балдар арасында сасык тутумоо күчөп жатат

Ош шаарында акыркы эки жумадан бери жаш балдар арасында сасык тумоо оорусу күчөп бара жатат. Бул тууралуу Ош облустук балдардын инфекциялык ооруканасынын жетекчисинин орун басары Кутбидин Бекажиев билдирди. 

Маалыматка ылайык,  көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге өскөн. Акыркы 1 аптада Оштогу облустук балдар клиникалык ооруканасына сасык тумоого чалдыккан 160 бала түшкөн. Алардын ичинен 100 бала ооруканага жаткырылган. Ооруканада орун жетишпегендиктен, бейтаптар кошумча  бөлмөлөргө жаткырылууда.

Күз айында аба ырайынын өзгөрүүсүз болушу сасык тумоонун көбөйүшүнө алып келет . Андан сырткары грипп бул сезондук оору болгондуктан алдын алуу үчүн дарыгерлер туура тамактанып, суусундук көп ичүү керектигин эскертишет.

Белгилей кетсек, саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 14-20-октябрь күндөрү өлкө боюнча ОРВИге кабылгандардын саны өсүп, 3453кө жетти. Былтыр бул убакта ооругандардын саны 3043 болчу.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо