Оштон Өзбекстанга мал экспорттолууда. Бул эттин баасына кандай таасир тийгизип жатат?

Ош облусунун аймагынан Өзбекстанга 1000 уй, 4500 баш кой эчки жана 300гө жакын жылкы экспорттолду. Бул акыркы бир айда эттин баасынын кымбатташына алып келди. Учурда Ошто 1 кг эттин баасы  370 сомдон сатылып жатат. 

Бирок Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы Улан Ибраевдин Т-медиага билдиришинче,  Өзбекстанга малдын экспорттолушу облустагы эттин баасынын кымбатташына таасирин тийгизбейт.

«Акыркы жылдарда Өзбекстан менен мамиле жакшы болуп, чек ара ачылды. Ошонун негизинде 2019-жылдын эсебинен Кыргызстан менен Өзбекстандын фитосанитардык инспекциясы тарабынан контрактык негизде малды сатууга уруксат берилген. Бул эттин көтөрүлүшүнө көп деле таасирин тийгизбейт«, — деди Улан Ибраев.

Сентябрь айында Ошто 1 кг эттин баасы 360-370 сомго чейин жеткен. Буга эт сатуучулар малдын Өзбекстанга сатылып жатканынан эттин баасы көтөрүлгөнүн жүйө келтиришкен.

Кийинчерээк 2-октябрда шаардык мэрия жалпы эт сатуучуларды чогултуп жыйын курган. Анда эт 340 сомдон жогорку баада сатылбасын деген чечим кабыл алган. Бирок бул ишке ашкан жок. Арадан бир ай өтүп эттин баасы кайрадан 370 сомдон сатылып жатат.

Ал эми монополияны жөнгө салуу агенттигинин Оштогу бөлүмү бааны көзөмөл кыла албай жаткандыктарын билдиришет.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо