ӨКМ аба ырайына байланыштуу айдоочуларды сак болууга чакырды

4-5-ноябрларда аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 5-6-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
Андыктан,  тоолу унаа жолу менен жол жүрөйүн деп мерчемдеп жаткан айдоочуларга  ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:

—  Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;
—  Тоолу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
—  Унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыру ж.б.у.с.);
—  Аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алыңыз.

Өзгөчө кырдал болгон учурда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Автор Т-медиа 11661 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*