Үй жумуштарын жасоодо убакытты кантип үнөмдөсө болот?

New modern living room with kitchen. New home. Interior photography. Wooden floor.

Үй жыйноо ар дайым эле кызыктуу боло бербейт же болбосо сүйгөн иш эмес. Бирок үй жумуштары күтүп турбайт. Канчалык аны кийинкиге калтырган сайын ошончолук көбөйө берет. Үйдү иретке келтирүү баш оору болбоосу үчүн күнүмдүк эрежени бузбай, пайдалуу адаттарды колдонуу керек.

Алгач буюмдарды категорияларына жараша бөлүп, керексиздерден арылыш керек.

Адатта керексиз буюмдар балкондо же шкафтын акыркы текчелеринде сакталат. Аларды эмне кылуу боюнча Япониялык дүйнөдөгү белгилүү адис Мари Кондо, кийим, оюнчуктар, гаджеттер, кагаздар деп бөлүп сизге кубаныч тартуулабаганын жана убактыңызды алган нерселерден арылууну сунуштайт. Эгер баарын бир таштай албасаңыз ар жуманын бир күнүндө алардан арылыңыз. 

Сиз көп колдонбогон нерсеге чындыгында эле башка бирөөнүн муктаждыгы бар болушу мүмкүн аны кайрымдуулукка жумшап салыңыз. Бул сизге да өзгөгө да кубаныч алып келет.

Күн сайын 10 мүнөттөн жыйнап туруңуз.

Толук үй жыйнаганга убактыңыз болбосо да күн сайын көзгө көрүнгөн, чачылган нерселерди аз — аздан алып туруңуз.

Мындан сырткары ар бир үйдө буюмдар үйүлүп турчу жер бар. Көбүнчөсү ал дивандын чети, бөлмөнүн бурчтары болот. Ошол жерлерге маани берип, иретке келтирүү зарыл. 

Үй жыйноону оюн катары кылыңыз.

Жашыңыз канчада экени маанилүү эмес. Телефонуңузду 10 мүнөткө  коюп өзүңүздүн жакшы көргөн оюнуңуз деп элестетип иш кылыңыз. Ар бир оюн жыйынтыгында жеңиш болгондой эле жакшы иш кылсаңыз, өзүңүздү кубантып туруңуз.

Чек баракча түзүңүз. 

Эрте мененки жумушка идиш, бут кийим тазалоону койбой аны кечинде эле бүтүрүңүз. Баракчага  негизги жыйнала турган иштерди жазсаңыз болот. Ар бир бөлмөгө өзүнчө жазып илип койуп, ар дайым колдонсоңуз болот. Жасалып бүткөн ишти белгилеп коюңуз.

Өйдөдөн ылдыйды карата жыйнаңыз. 

“Өйдөдөн ылдыйга” эрежеси сизди убара болуудан сактайт. Тагыраагы люстрадагы чаң жаңы гана тазаланган плитаңыздын же столдун үстүндөгү ушактар шыпырып бүткөн жериңизге түшпөөсү үчүн алгач жогорудагыларды тазалап андан кийин андан ылдыйдагыларды тазалоо сунушталат.

Кутучаларга буюм салып, эмне буюм болсо сыртына жазып койсоңуз болот. Мисалы: кагаздар, бут кийим, документ.

Эми негизги сунуштамаларды айтабыз:

Жогоруда айткандай кийин колдоном деп бирок колдонбой жаткан буюмуңузду чындыгында ошол нерсеге муктаждыгы бар адамга бериңиз же таштаңыз.

Күнүнө 10 мүнөттөн жыйнап туруңуз.

Үй жыйноону эң көп буюм коюла турган жерден баштаңыз.

Ар бир бөлмөгө чек — баракча түзүңүз. 

Буюмдарды кутучаларда сактаңыз. Аларды 90% дан ашуун толтурбаңыз.

Алгач бийиктегилерден жыйнап баштаңыз.

Буюмдарды көп орун ээлебей тургандай, издегенде табылуусу оңойдой сактаңыз.

Эгер үйүңүздө идеалдуу иреттүүлүк болбой жатса бул үчүн өзүңүздү жана өзгөлөрдү да ашыкча кыйнабаңыз. Негизгиси — өзүңүзгө жана жакындарыңызга жагымдуу болсун.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*