Президенттин айылында кийим тигүүчү цех ачылды. Сүрөттөр

Кечээ 1-ноябрь күнү президент Сооронбай Жээнбековдун айылында «Кулжа» кийим тигүүчү цехи ачылды. Ишкана Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында жайгашкан. 

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлагандай, цех жүз адамды иш менен камсыз кылат. Ачылыш аземине Асылбек Жээнбеков жана райондун акими Примберди Дыйканов катышкан.

Кийим тигүүчү цех аймакта биринчи жолу ачылып жатат. Аны жеке ишкер Болот Абдыкадыров ачкан.

Эскерте кетсек, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылынын шайлоочулары 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду жүз пайыз колдогон.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*