Ошко жылуулук качан бериле турганы айтылды

Ош шаарына жылуулук 5-ноябрдан тарта бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка калаа мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, суук түшкөнүнө байланыштуу 5-ноябрдан баштап Ош шаарына жылуулук берилет.

Буга чейин төрөт үйлөрүнө жана айрым бала бакчаларга жылуулук берилген эле.

Ош шаарында жалпысынан 276 көп кабаттуу үй, 35 мектеп, 23 бала бакча, 8 саламаттык сактоо мекемеси, 9 жогорку окуу жайы, 2 кесиптик лицейи, 7 админстративдик мекеме, 3 китепкана, 1 боорукердик үйү, 150 жеке менчик үй жана башка 12575 абонент жылуулукка туташтырылган.

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*