Ошто ыктыярчы жаштар таңкы тазалык акциясын өткөрүштү

Бүгүн Ошто 50дөн ашуун ыктыярчы жаштар «Ош-Тазалыктын» кызматкерлери менен биргеликте жумушка чыгышты. Алар таңкы саат 4тө чогулуп, тазалык кызматкерлери менен өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды таштандылардан арылтышты.

Акцияны кайрымдуулук фонд уюштуруп, ага ыктыярчы жаштар кошулган. Максаты ар бир жаранды тазалыкты сактоого үндөө менен шаардын тазалыгына биргеликте көңүл буруу болгон.

Таңкы тазалык акциясы бүгүн алгачкы жолу өткөрүлүп, 11-ноябрь күнү дагы уланат. Уюштуруучу жаштар, каалоочу шаар тургундарын таңкы саат 4тө Рамазан соода борборунда күтөт.

 

 

Айтунук Зарипбек кызы

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*