Өзгөн: балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында стрит-арт тартылды

Өзгөндөгү Курманжан-Датка мектебинин дубалына стрит-арт тартылды. Ал балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатын көздөйт. Демилгени жаштар көтөрүп, эл аралык уюмдардын колдоосунда ишке ашырышкан.

«Saferworld» жана «Эл аралык толеранттуулук  үчүн» коомдук фондунан билдиришкендей  стрит — арт «Биз бактылуу балалык үчүн» демилгенин алкагында тартылып, 3 жылдан бери иштеп келет.

«Мындай стрит арттары көп эле аймактарда тартылды. Буга чейин Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө да тартканбыз. Мунун негизги эле максаты балдарга карата зомбулукту болтурбоо, токтотуу болуп саналат. Биз ушул стрит арттарды тартуу менен адамдарды бул маселеге көңүл бурдуруп, алдын алууну көздөйбүз», — деп жазылат уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

Эске салсак 2018-жылы Кыргызстанда балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1000ден ашкан.

 

Даярдаган: Базаргүл Курбаналиева

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*