
Жүрүш-туруш, аракеттен – адат, адаттан – мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат эмеспи. Көнгөн адатыбыз мүнөзгө айланган соң, ал биздин жашообузду калчап калаарында шек жок. Үйрөнгөн адаттарыбыз жашообузду жеңилдетет же астын-үстүн кылып жексен кылат. Төмөндө адамдын өзүн бактысыз сезүүсүнө себеп болгон 7 адатты тизмектейбиз:
Кынтыксыздыкка, мыктылыкка умтулуу
Эгер сиз перфекционист болсоңуз, анда өз азабыңыз өзүңүзгө. Сизге бакыттын даамын сезүү өтө оор. Анткени, мындай киши үчүн бакытка жетүү жолу да кынтыксыз болушу керек. Кичине начар же туура эмес болуп калган нерсеге кыжалат болуп отуруп, бактылуу мүнөттөрдү байкабай калат..
Бул жашоодо эч ким идеалдуу эмес экенин акылга түйө жүрүү керек!
Дайыма наалып, нараазы болуп жүргөн кишилер менен баарлашуу
Биз эч ким менен сүйлөшпөй, мамиле курбай, коомдон бөлүнүп жашай албайбыз. Чөйрөбүздөгү кишилердин бизге таасири чоң. Айланаңдагылар кечке жашоонун татаалдыгын, оордугун, адилетсиздигин айтып наалып турса, кантип сен бактылуу боло аласың? Кээ бир кишилер табиятынан бардык нерсеге нааразы болуп турушат. Мындай кишилер менен баарлашуудан качыш керек. Эгер сиз өзүңүз наалыма болсоңуз, башкалардын бактылуу мүнөттөрүн уурдабай, өзүңүздү өзүңүз тарбиялаганыңыз туура болот.
Кээ бир киши барган жерин, кээ бир киши кеткен жерин бактылуу кылат. Сиз барган жер шаң болуп турсун!
Бүгүндү эмес, өткөндү же эртеңкини ойлоно берүү
Өткөнгө өкүнүп, келечекке көз чаптырып отуруп, учурду колдон учуруп жатканыбызды баамдабай калабыз. Биз көбүнчө жакшыны аз эстеп, жаманды унутпайбыз. Жагымдуу мүнөттөрдү унутта калтырабыз. “Эмнеге жасай албадым? Эмне үчүн мага жок деп койду? Эмнеге туура эмес кылдым экен?” деген ойлорго башыбызды оорутуп жүрө беребиз. Эски таарынычтар, жолсуздуктар бүгүнкү күндүн бакыт даамын таттырбай жатканын капар албай калабыз. Ар нерсенин өз учуру бар: кичине капаланып бушайман болдуңузбу; баарын бир сыйра анализдеп чыктыңызбы; жыйынтык чыгардыңызбы? Бүттү! Улам-улам ойлой бербей, алдыга аракет кылыңыз.
Кечээки күн – өтмүш, эртеңки күн – табышмак, а бүгүнкү күн – тагдыр экенин эстей жүрүңүз.
Өзүңүздү жана жашооңузду башкалар менен салыштыра берүү
Кимдир бирөө бир жагынан сизден начар болсо да, башка жагынан сөзсүз жакшы болушу мүмкүн. Башкаларга өзүн салыштыра берүү – өтө жаман адат. Өзүңүздү өзгөлөр менен салыштырып жүрүп, дайыма өзүңүздү мыкты сезген сайын, өзүңүздөн мыктыны, жакшыны көргөндө өтө жаман абалга түшөсүз.
Салыштыруу — жан дүйнөңүзгө эч качан тынчтык бербейт. Барыңызга шүгүр кылганды үйрөнүңүз.
Көңүлдүн баарын жашоодогу терс нерселерге буруу
Жеке түйшүгүңүздөн сырткары, коомдогу уруп кетти, уурдап кетти, өлтүрүп кетти, сатып жатат, атып жатат, жаштар бузулду, карылардан каада кетти ж.б.у.с жалаң жүрөк ооруткан кабар, маалыматтарды угуу, окуу мээңизди “таштандыга” толтурат да күндөрүңүздүн кунарын качырат.
Позитивдүү, жан дүйнөнү байыткан кабар, макала, чыгармаларды окуганга аракет кылыңыз.
Башкалардын ой-пикирине дайыма көз-каранды болуу
Бир нерсе жасаарда дайыма “эл эмне дейт?” деп кооптонуу, жасаса да жашырынып, тартынып туруу, калыптанып калган стереотиптерди бузуудан коркуу — өзүн-өзү өстүрүүгө тоскоол болот. Өзүн өстүрүп, өнүктүрбөгөн адам бакыттын эмне экенин сезе албайт.
Сиз үчүн пикири маанилүү болгон жакын санаалаштарыңыздын оюн угуңуз, бирок акыркы чечимди өзүңүз чыгарыңыз.
Тагдырды татаалдаштыруу
Жашоо – өтө кызык жана ошол эле учурда татаал нерсе. Бирок эң кызыгы, турмуштагы жөнөкөй нерселерди көйгөйгө айлантып, чиелентип татаалдаштырган биз өзүбүзбүз.
Эсиңизде болсун, эч ким кокустан бактылуу болуп калбайт. Бакытты өзгөдөн издебей, өзөгү өзүңүз болуңуз.
Акбермет Мамадаминова
Оставьте первый комментарий