
Бүгүн 5-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп Кудайберди Кожобеков шайланды. Бул тууралуу шайлоонун жыйынтыгында белгилүү болду.
Кожобеков, 1737 шайлоочунун 1532 добушуна ээ болду. Ал буга чейин ректордун милдетин аткаруучу болуп убактылуу иштеп келген. Ректорлукка жалпысынан 4 талапкер ат салышкан.
Кудайберди Кожобеков 2017-2019-жылдары Билим беруу жана илим министринин орун басары болгон, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.
Эске салсак, бүгүнкү шайлоо Ош МУда 14-жолу өтүп жатат. Буга чейинки ректор Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.
Оставьте первый комментарий