
Бүгүн 5-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо жүрүп жатат. Ал эрте менен саат 09:00дө башталып, 15:30да аяктайт. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик окуу жайларга ректорлор шайлоо жолу менен дайындалат.
Учурда Ош мамлекеттик университетинин ректорлугуна 4 талапкер катышып жатат.
Алар:
Алтынбек Зулпукаров
2018-жылдын февраль айынан тартып,Кыргыз-Озбек университетинин сырттан окуу болуму боюнча проректор. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.
Бибинул Кошоева
2013-жылдан азырга чейин Кыргыз-Герман техникалык институтунун»Телематик» кафедрасынын башчысы. Техника илимдеринин кандидаты, доцент.
Шайымбек Эгембердиев
2002-2007-жылдары Бишкек гуманитардык университетинде менеджмент жана социалдык-маалымат технологиялар кафедрасынын башчысы кызматын аркалаган. Физика-математика илимдеринин кандитады, доцент.
Кудайберди Кожобеков
2017-2019-жылдары Билим беруу жана илим министринин орун басары, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.
Эске салсак, талапкерлерди каттоо 25-октябрга чейин жүргүзүлгөн. Буга чейин алар окуу жай жамаатына өздөрүнүн программалары менен тааныштырган. Үгүт иштери 25-октябрдан 4-ноябрга чейин өткөн.
Ректорлукка талапкерлердин окумуштуулук даражасы, наамы жана илимий-педогогикалык уюштуруучулук тажырыйбасы болушу керек.
Эске салсак, бүгүнкү шайлоо Ош МУда 14-жолу өтүп жатат. Буга чейинки ректор Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.
Оставьте первый комментарий