
Ош-Сарыташ-Карамык жолу 2-3 жылда толук жараксыз абалга келиши мүмкүн. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Улан Пиримовдун атасы Бердибай Пиримовдун оор жүк таашуучу автоунаалары ченемден ашыкча жүк менен жүргөнү себеп болууда.
Бул тууралуу активист Улукбек Карыбек уулу айтып чыкты. Анын маалыматына караганда, эл өкүлү Улан Пиримовдун 150гө жакын оор жүк ташуучу унаасы Сары-Могол айылындагы көмүр кенден күн сайын кара алтынды ченемден ашыкча жүктөп ташыйт.
Ошондуктан эл аралык маанидеги жолдун абалы күндөн күнгө бузулуп жатат. Мындан улам, ал Пиримовдордон мыйзамсыз иштерин токтотууну талап кылат. Бул боюнча видеолорду тартып иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалайт.
«Жолдун бузулушу боюнча бир канча далилдер бар. Талдык ашуусундагы жолдордун бузулуп кейиштүү абалда бара жатат. Бул барыш менен жакынкы эки үч жылда ошол Ош-Сарыташ-Карамык жолдору толук жараксыз абалга келиши мүмкүн. Бүгүнкүдөй, мыйзам бузуулар, жолдун талаптарды аткарбай, чөнтөктөрдүн үстүндө иштеп жаткан аткаминерлердин абалына ошолордун жасап жаткан жоруктарына карап турсак жараксыз болуп калат. Эртең ошол жолдон Улан Пиримов эмес, бүтүндөй, Чоң-Алай, Алай, эли каттайт. Ал жака көмүр бүткөндөн кийин Улан Пиримов басып деле барбайт. Элдин келечегине элдин пайдаланып жаткан жолун сактоонун ордуна иш кылбай кайра талкалоонун ордунада иш жүргүзүп жатат. Анан ушул нерсеге жаштар биз кайдыгер карап тура албайбыз » -деди Улукбек Карыбек уулу.
Карыбек уулу кошумчалагандай, Ош-Сарыташ-Карамык жолунда Кытайдан келе жаткан жана Тажикстанга кетип жаткан оор жүк ташуучу унаалар дагы ченемден ашыкча жүк жүктөп, жолду бузуп жатат.
Ошондой эле жүк ташуучу унааларды тарткан Оштогу тараза коррупциялык иштерди кылып жатканына күбө болгонун айтты.

Ал эми Ош аймактык автотранспорт башкармалыгынын жетекчиси Эмил Умаров, 2019-жылы жай мезгилинде ченемден ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга 993 миң 500 сом айып пул салынганын билдирди. Андан кийин жаңы кодекстер киргизилип, айып пул салуучу мыйзамды өкмөт алып койгонун айтты.
«Мурда протокол жазып туруп, эгер жүгү ашыкча болсо 10 миң сом айып пул бар эле. Анан 1-январда жаңы кодексте ал статьяны алып коюшту. Азыр эми штраф сала албай калдык. 45 тонна жүк менен кетип жатса биз мурун протокол түзүп, 10 миң сом айып пул салчу элек. Азыр жок. Бирок жакында кайрадан өкмөттө иштелип чыгып, кайрадан депутттар ошону кайтарып берип жатат. Анан ошондо айып пул салып баштайбыз. Бизде азыр эки эле милдет бар токтобой калган үчүн анан биздин буйруктарды аткарбаган үчүн айып пул сала алабыз» — деди Эмил Умаров.
Умаров, Пиримовдордун көмүрдү эки цемент заводго ташып, анан Өзбекстанга дагы экспортко чыгарып жатканын билдирди. Ошондой эле көмүр ташыган «»Пэрити-Коал»» жоопкерчилиги чектелген ишканасына айып пул салынган же салынбаганын айта албай турганын айтты.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Улан Пиримов, мындай маселелерге реакция кылбай турганын айтып, интервью берүүдөн баш тартты.
Норма боюнча жүк ташуучу унаалардын 6 огу бары 44 тонна, 5 огу бар унаалар 38 тоннадан ашыкча жүк жүктөй албайт.
Оставьте первый комментарий