Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген жаран кармалды

Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү катары издөөдө жүргөн  Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы тургуну кармалды. 

Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынан кабарлагандай, камалган жаран  “жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Ал 2015-жылы Сирияга барып, диверсиялык-террористтик атайын даярдыктан өтүп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан.

Ал КМШ мамлекеттеринин биринде кылмышын жашыруу үчүн эмгек мигранты болуп жүргөн.

Учурда ал  Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 11661 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*