Эртең Ош менен Баткен облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Электр тармактарындагы пландаштырылган техникалык тейлөө иштерине байланыштуу, эртең  Ош жана Баткен облусунун айрым аймактарында 9 саатка  электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Ошэлектро» мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, убактылу өчүрүү 8-ноябрь күнү, Баткен шаарынын Тамаша, Тоо-Таш, Чек кварталдары жана Жаны-Жер айыл өкмөттөрүндө болот. Ал эми  9-10-ноябрь күндөрү,  Чет-Булак, Тулку, Таш, Тура-Таш кварталдары менен Бужум айылы, Аэропорт, СМУ, МСОда өчүрүлөт.

Ал эми 9-ноябрь күнү Ош облусунун Араван районунун Юсупов, Анаров, Ноокат районунун Ноокат шаары, Шалдырама, Катта-Тал, Бобби, Адыр,Маданият, Көк-Жар, Найман айылдарында, Кара-Кулжа району боюнча, Сары-Булак, Кашка-Жол, Кара-Кочкор айылдарында жок болот.

11-ноябрь күнү саат 10-00 12-00 чейин Ош шаарынын Курманжан-Датка, Ленин, Супаналиев, Моминов көчөлөрүндө, Кара-Суу районунун Маданият, Мачак, Гайрат Сарай, Кен-Сай, Асанчек, Кыргызчек, Каарман айылдарында өчүрүлөт.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн «Ошэлектр» ачык акционердик коому кечирим сурайт.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*